ВОКАЛ ВЕБИНАРЫ


        2021-жылдын 31-январында Студенттик Кеңештин 'Музыка' клубу тарабынан туура ырдоо боюнча "Вокал" вебинары уюштурулду. Иш-чара онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Вебинардын коногу Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ийгиликтүү бүтүрүүчүсү Нуржан Асылбашева болду.

          Нуржан Асылбашева кесиби, жаш курагына карабай музыканы эмне үчүн тандап алгандыгы жөнүндө кеңири маалымат берип, катышуучуларга тажрыйбалары менен бөлүштү.

       Вебинарда ал билгендерин гана айтып бербестен,  туура дем алуунун жолдорун көрсөтүп, катышуучуларга музыка жаатында ар бир адам өз үйүндө оңой эле жасай турган көнүгүүлөрдү жасатты.      

          Вебинардын аягында, катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго толук жооптор берилгенден кийин, комуздун коштоосунда бир ыр аткарып берди.

 

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон: Саадат Казакбаева