1 - Улуттук курут фестивалы


Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен ортоктошо алгачкы ирээт  уюштурган «1. Улуттук курут фестивалы» 2016-жылдын 17 апрель Жекшемби күнү университетибиздин Чынгыз Айтматов атындагы кампусундагы ачык спорт аянтчасында Кыргызстандын 7 дубанынан келген көптөгөн катышуучулардын  жана коноктордун катышуусу менен абдан кызыктуу өттү.

Кызуу кызыгууну жараткан фестивалдын алкагында кыргыздын улуттук оюндары жана концерттик программасынын коштоосунда өндүрүүчүлөр продукцияларын калктын назарына суна алышты.