Студенттерибиз интеллектуалдык оюнда баш байгени жеңип алды


    “Триллионер КР” интеллектуалдык-дискуссиялык клубу тарабынан уюштурулган “Чай QUIZ” интеллектуалдык оюнунда “Манас” университетинен катышкан “Люди Х” командасы 1-орунду жеңип алды.

    Мелдешке Бишкектеги ЖОЖдордон жана уюм, мекемелерден жалпы 20 команда катышты. Алар “Пайгамбарыбыздын өмүр жолу”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Сахабалар”, “Спорт”, “Логика”, “Бизнес”, “Орус адабияты” жана  “Италия” категориялары боюнча күч сынашты.

    “Манас” университетинен катышкан “Люди Х” командасы эл аралык мамилелер, социология, англис тили жана адабияты, тарых бөлүмүнүн студенттеринен куралган. “Экинчи ирет баш байгени жеңгенибизге сүйүнүп турабыз. Оюнга команда мүчөлөрү кызыккан категориялар боюнча бөлүшүп алып даярданабыз. Көбүнчө буга чейин алган билимдерибиз жардамын берет. Ошондой эле негизгиси бири-бирибиз менен кеңешип, талкуулап командалык оюн болот”,- деп билдирди аталган тайпанын мүчөсү Асел Бактыбекова.

    Иш-чаранын максаты-жаштардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө салым кошуу, ой-жүгүртүүнү кеңейтүүгө шарт түзүү, жаштарды социалдык активдүүлүккө үндөө жана өз ара пикир алышууга аянтча түзүү. Оюн ар айда бир жолу уюштурулат. Кезектеги оюн 9-март күнү өтөт.     

    Белгилей  кетсек, 3-орунга “Элдин балдары” жана 2-орунга “Нур” командалары ээ болду.

Даярдаган: Адинай Курманова