#Plogging_Manas


Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Плоггинг” долбоору.
Плоггинг деген эмне?- Швецияда башталган жаратылыштын досу жана фитнесстин жаңы тренди. Акырындык менен дүйнө жүзүнө жайылып баштаган плоггинг чуркоо менен биргеликте таштандыларды чогултуу иши.
Плоггинг кандай жүзөгө ашырылат?- Плоггинг убагында катышуучулар чуркоо менен биргеликте жердеги таштандыларды өйдө-ылдый болуп чогултуу аркылуу гимнастиканын өзгөчө түрүн жасашат.
Университетибизде башталган бул саамалык университеттен университетке эстафета жолу менен өткөзүлүп берилмекчи. Бул долбоор ден-соолукту чыңдоо менен бирге айлана-чөйрөнү тазалоону максат кылып, жаштарды дени сак жашоого жана жаратылышты көздүн карегиндей сактоого үндөйт. Долбоор өлкөбүздө башталган “Таза жашоо” долбооруна кошулган чоң салым болоруна терең ишенебиз.

Долбоор университетибизде 2018-жылдын 31-мартында башталмакчы.