Ачык эшик күнү өттү


Үстүбүздөгү жылдын 12-майында окуу жайыбызда ачык эшик күнү өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, академиялык, административдик кызматкерлери жана 500 дөн ашык абитуриент катышты.


Иш-чарада окуу жайдын таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, “Манастын кыздары” бий тобу өнөрлөрүн тартуулашты. Университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы окуу жай жөнүндө толук маалымат берип, билимге умтулган акылдуу, таланттуу жаштарды ар дайым колдоорун билдирди. Ал эми биринчи проректор проф., док. Асылбек Кулмырзаев окуу жайыбыздагы алмашуу программалары, экзаменге тапшыруунун тартиби тууралуу кеңири маалымат берип, абитуриенттердин экзамендерине ийгилик каалады. Соңунда ректор менен биринчи проректор абитуриенттердин суроолоруна жооп беришти.


Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн соң кампус туру уюштурулуп, абитуриенттер университеттин 9 факультети, 3 жогорку мектеби, жатакана жана китепканалар менен таанышып кайтты.


Белгилей кетсек, иш-чара КТМУ Таанытуу иштери боюнча комиссиясынын жетекчилигинде Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер менен бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулду.

Даярдаган: Адинай Курманова