«BiOTА» клубунун курстары старт алды


Университетибизде  "BiOTА" экоклубу тарабынан “Таштандыларды иргөө”  долбоорунун  алкагында, "Таштандыларды туура иргөө" аттуу курсунун  1-сабагы 13-декабрь күнү болуп өттү.

Бул курстун максаты жарандарга  таштандыларды туура эреже боюнча иргегенди үйрөттү жана таштанды бир гана керексиз зат эмес, тескерисинче, экономикалык жактан пайдалуу ресурс экендигин үйрөттү. Курста таштандылардын жалпы түрлөрү жана таштандысыз жабык цикл жөнүндө сөз болду.

Курс кызыктуу жана жемиштүү болду. Таштанды чындыгында эмне экенин, ал калдыктын категориясына кирээрин айтып, анын төмөнкүдөй бөлүнүшүн түшүндүрүп беришти:

Тиричиликтик,

Өндөрүштүк,

Космикалык болуп бөлүнөт.

Белгилей кетсек, «Биота» экоклубунун бир багыты  тиричилик таштандыларын иргөө болуп эсептелет.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы.