“Манас” университети кайрадан алдыда


9-февраль күнү Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде борбор калаабыздагы 14 жогорку окуу жайдын катышуусунда интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Таймаш КРнын  Президенти жарыялаган "Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылынын алкагында уюштурулду. Бул акыл таймашка “Манас” университетинин атынан “Ойчулдар” тайпасы катышты.

Оюн 2 тур менен өткөрүлүп, жыйынтыгында Кыргыз  улуттук университети 3-орун, БГУ 2-орун, ал эми биринчиликти Кыргыз-Түрк “Манас” университети ээледи.

Тайпанын капитаны Балгарт Кеңешов:”Биздин тайпа чоң жоопкерчиликти, университетибиздин намысын коргоо милдетин алган. Ушундай жоопкерчилик алган соң, оюнда жеңүүчү аталганга болгон аракетибизди жумшадык. Бизге ишеним арткан университет жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз”,- деп кубануу менен айтып өттү.

Жеңүүчүлөргө КЭУнун жетекчилиги жана демөөрчүлөр тарабынан белектер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды. Таймаштын эрежесине ылайык, кийинки оюн жеңүүчүлөрдүн жогорку окуу жайында улантылмак , демек кийинки таймаш биздин кампуста өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул тайпа Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Магистр Cup” аталышындагы университеттер аралык акыл таймашында да биринчиликти багындырышкан.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек