“Movie Contest” акыл таймашы


Үстүбүздөгү жылдын 13-март күнү “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан “Movie Contest” аталышындагы акыл таймаш уюштурулду. Бул таймашка университетибиздин түрдүү факультеттеринен түзүлгөн 9 тайпа катышты.


Оюндун жүрүшүндө дүйнөдөгү белгилүү тасмалар, андагы баш каармандар, аларга байланышкан кызыктуу фактылар туурасында суроолор берилди. Эң кызыгы, оюн англис тилинде жүргүзүлдү.


Ошондой эле, оюн командалык тең чыгуулар менен коштолуп, кошумча берилген суроолордун негизинде жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында, 3-орунду “СаРиНур”, 2-орунду “Хичкок Team” командалары ээлесе, 1-орунга “Unglorios Bastards” тайпасы татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө кинотеатрга билеттер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган:Акымбаев Алтынбек