Кайрымдуулук жарманкеси уюштурулду


24-октябрда  адабият факультетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттери кайрымдуулук жарманкесин уюштурушту.

Жарманке « Ак-Жол» балдар үйүнүн балдарына жардам көрсөтүү максатында, аталган факультеттин 3-курстарынын демилгеси менен  уюштурулду. Жарманкеде студенттер өздөрү жасап келген тамак-аштарды  сатып, жыйынтыгында 12000 сом чогулду. 

“Топтолгон акчага балдарды театрга алып баруу жана аларга жаңы жылдык белектер алуу пландалууда”-деди 3-курстун студенти Айсулуу Байжигитова.

  Эске сала кетсек, буга чейин коммуникация факультетинин студенттери  кайрымдуулук жарманкесин уюштурушкан, анда  жалпысынан 19450 сом чогулган эле.

 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева