Балбан кызыбыз коло байгени багындырды


Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында студенттер арасында өткөн эркин күрөштө университетибиздин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин студенти Мадина Надирова коло байгеге ээ болду.

 

 

Аталган мелдеш Түркиянын Чорум шаарында өткөн. Бул мелдеш эки жылда бир жолу өткөрүлүп келет. Белгилей кетсек, Мадина Надирова бир катар Эл аралык сыйлыктардын ээси.

Кабарчы: Адинай Курманова