Жаан жааганына карабай спорт сүйүүчүлөр футбол ойношту


6-декабрь күнү  Студенттик кеңештин спорттук иштеринин төрагасы тарабынан достук футболу уюштурулду. Достук оюну университетибиздин спорттук аянтчасында өткөрүлүп, ага Инженерия жана Туризм факультетинин студенттери катышышты.

Футбол 2 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө Инженерия факультетинин оюнчулары 3/1 эсебинде жеңишке жетсе, экинчи бөлүктө болсо Туризм факультетинин балдар командасы  4/2 эсебинде жеңип алышты.  Жыйынтыгында жалпы эсеп бирдей 5/5 эсеби менен чыгып, оюн  аталышындай эле "достук" жеңиши менен аяктады.

Студенттердин жааган жамгырга  карабай оюнга келип, жигердүү катышкандыгы спорт сүйүүчүлөр жок эмес экендигин далилдейт деген Студенттик кеңештин Спорттук иштеринин төрагасы Тургунбоев Али" Студенттердин, факультеттердин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында бул оюнду уюштуруп жатабыз. Бош убакытты текке кетирбей спорт менен алек болушса жакшы да. Андыктан мындан кийин да ушул сыяктуу оюндарды уюштуруп туралы деп жатабыз",- деди.

Белгилей кетсек, факультеттер арасындагы достук футбол оюну бул жылы алгачкы ирет уюштурулду. 

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы