ЭКТРЕМИСТТИК ЖАНА ТЕРРОРДУК УЮМДАР БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ


Ислам негиздери жана салттуу дин боюнча түшүндүрүү, алдын алуу жана маалымдоо боюнча 10-февралда окуу жайыбызда семинар болуп өттү. Семинар КРнын Ички иштер министрлигининин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан бекитилген, мерчемдердин алкагында экстремизм жана радикализмдин алдын алуу максатында уюштурулду.
Семинарды экстремизм темасында КРнын ИИМнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги Манас Аманбаев өттү.


Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндөгү террордук уюмдар алар кандай иш алып барышаарын, бүгүнкү күндөгү ар кандай террордук уюмдарга алданып калгандар, социалдык тармактагы терроризмге чакырган жалган маалыматтар, салттуу дин, мыйзамсыз дават боюнча кеңири токтолуп, маалымат берди. Ал жаштарга " Бүгүнкү күндө сиздерге окшогон эле илимдүү, билимдүүлөр да азгырылып, туура эмес багытка кетип калып жатышат. Андыктан көп окуп, анализдеп, туура кадам жасаңыздар", - деди. 


“Бул семинарда мен билгим келип жүргөн, пайдалуу нерселер айтылгандыктан семинардын аягына чейин отурдум", - деген оюн билдирди катышуучу Навруз Байматов
Белгилей кетсек, иш-чара Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулган.


Даярдаган :Аксаамай Назарбай кызы