РЕКТОР ПРОФ., ДОК СЕБАХАТТИН БАЛЖЫ: “КӨЙГӨЙ ЖАРАТКАН КИШИ ДАРТ СЫЯКТУУ, АНЫ ЧЕЧҮҮЧҮ АДАМ ДАРТКА ДАБА СЫЯКТУУ”


Буга чейин 10 миң студент менен баарлашуу өткөргөн салттуу маектешүү жыйыны бул жолу Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин студенттери менен болду. Иш-чара 20-февраль күнү ректорат залында өтүп, ректор жана проректор студенттерге пайдалуу кеңештерин айтышты.
Университет ректору проф.,док Себахаттин Балжы "Көйгөй жараткан инсан дарт сыяктуу, ал эми аны чечүүчү адам дартка даба сыяктуу. Силер даары сыяктуу болушуңар керек, ошондо гана өзүңөр каалаган жумушта иштей аласыңар”,-деп билдирди.
Ал эми проректор проф., док Анварбек Мокеев бүгүнкү күндөгү жаштардын социалдык тармактардын таасиринен ар кандай жаман окуяларга дуушар болуп жаткандыктарын айтып, этияттык менен мамиле жасоо керектигин айтты.
Эскерте кетсек, салттуу маектешүү жыйыны Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан 5 жылдан бери уюштурулуп келет. Көрсөтүлгөн жылдын ичинде жалпы 10 миңге жакын студент менен баарлашуу болгон.


Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы