БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК


26-декабрь, 2020-жылы Студенттик Кеңештин "Ойлоншоу"клубу тарабынан "Билимдүү жаштар - Жаркын келечек" аттуу семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири "Азаттык+” программасынын алып баруучусу, Айдана Топчубаева болду. Элүүгө жакын студент катышкан семинарда Айдана Топчубаева өзүнүн кесиби жөнүндө маалымат берип, сапаттуу сервер кандай болушу керектигине жана эмнелерге көңүл буруу керектигине, алып баруучулук кесиптин ыңгайлуулугу жана кыйынчылыктарына токтолду. Ошондой эле, "Журналист студенттер кандай болушу керек?, Студенттик мезгилдеги өзгөчө күндөрүңүз жана кыйынчылыктарыңыз кайсылар?, Келечекте кандай пландар бар?",- деген суроолорго жооптор берилди.

 



Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр