Окуу программалары менен дүйнө кыдырган “Манастыктар”


     Study of the U.S. Institutes, же кыскача “SUSI” аталышындагы программа аркылуу океандын ары жагынанан билим алып келген Жылдыз Арыстанбек кызы “Окуу программалары менен дүйнө кыдырган “Манастыктар” рубрикасында мейманда. Бул чыгарылышта каарманыбыз өзүнүн тажрыйбалары жана башынан өткөргөн кызыктуу окуялары менен бөлүшөт.

 
                  Мен кытай эмесмин! Мекенимди таанытуунун жоопкерчилигин сездим
  Программа бир ай, бир жумага созулат. Катышуучулар алгач Американын борбор шаары, Washington DC ге барышат. Биринчи жумада Американын Департаментинде аялдарга арналган эл аралык конференция өтөт. Конференцияда аял лидерлер менен жолугушуу өткөрүлүп, аялдардын көйгөйлөрү жана анын чечүү жолдору талкууланат. Мындан тышкары ар өлкөнүн маданият таанытуу иш-чарасы орун алат. “Башка өлкөдө мекениңди таанытуу бир гана иш-чара менен чектелип калбайт. Чет жердеги ар бир сүйлөгөн сөзүбүз, жүрүм-турумубуз, кылган мамилебиз өлкөбүз тууралуу кандайдыр бир пикир жаратат. Ошол себептен, чет жерге чыгуунун өзү чоң жоопкерчилик. Болгондо да Кыргызстан тууралуу эч кандай маалыматы жок, ар улуттун өкүлдөрү аралаш жашаган чоң шаарга барганда өлкөмдү таанытуунун жоопкерчилигин жон терим менен сездим. Алдыман чыккан үчүнчү киши эле японсуңбу, кытайсыңбы же корейсиңби деп сурай бергенинен, дароо эле картаны ачып Кыргызстанды көрсөтүүгө шашып жаттым. Айрымдарына Ысык-Көлдү көрсөтүп, менин үйүм ушул көлдүн түбүндө деп мактанып койчумун. (күлүп) Маданияттарды таанытууда кийип жүргөн кыргыз көйнөктөрүбүзгө жана көргөзмөгө коюлган боз үйгө кызыккандардын саны арбын болду”,- дейт Жылдыз Арстанбекова.

 
                                        Ыктыярчылардын духу абдан өнүккөн
    Программанын экинчи жана негизги бөлүгү Вашингтон штатында өтөт. Ал эми сабактар Green River колледжинде өтүп, катышуучуларды ар тармактан өнүктүрүүгө, лидер катары даярдап чыгууга багытталган. “Программа ар тараптуулугу менен өзгөчөлөнөт. Окуудан тышкары ыктыярчы катары бир канча клубдар менен үйү жокторго, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип кайттык. Ошондой эле Вашингтон штатындагы Auburn, Seattle, Tacoma, Leavenworth жана Kent шаарларына саякаттадык. Баарынан эсимде калганы Seattle шаары болду. Бул шаарда Билл Гейтс жана жубайы Мелинда Гейтс тарабынан курулган кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү менен тааныштык. Алар жокчулукта жашаган, тамак-аш жетишпеген жана таза суу жок аймактардагы көйгөйлөр менен күрөшүүнүн жолдорун айтып беришти. 
   Дагы бир байкаганым, Америкада ыктыярчылардын духу абдан өнүккөн. Бизде ыктыярчы десе, жаштар эле ойго келет. Ал эми Америкада жаш-карысына карабай башкаларга жардам колун сунгандар, алтургай үй-бүлөсү менен ыктыярчылар клубуна мүчө болгондор да арбын. Аларды көрүп бизде да акысын күтпөгөн ыктыярчылар көбөйсө деп тилек кылдым”,- дейт Арстанбекова.


                                  Салтын жана динин бекем туткан үй-бүлөдө жашадым
  Бир ай бою индиялыктардын үй-бүлөсүндө жашадым. Мени менен программага чогуу катышкан тажик улутундагы Нигора аттуу кыз экөөбүз алардын кызындай эле болуп калдык. Абдан билимдүү жана динди бекем кармаган үй-бүлөгө туш келдик. Алар Америкада жашаса да, өзүлөрүнүн салттарын карманып, улуттук кийимдерин тойлорунда жана үй ичинде кийип жүрүшөт экен.

                                                     Тапканым жана өкүнгөнүм
    Америкага болгон сапарым менин чет өлкөгө болгон биринчи жана ийгиликтүү сапарым болду. Бир айдын ичинде америкалыктардын жашоосуна толугу менен көнүп кетпесем дагы, алардын жакшы жактарын алып, аны өз турмушумда колдонууга бел байладым. Америкадан эң биринчи тапкан байлыгым – бул адамдар болду. “Акыл оошот, ырыс жугушат” дегендей барган жериңдеги адамдар канчалык билимдүү жана адамгерчиликтүү болсо, сен дагы өсөсүң. Орто Азиядан барган 20 кыз бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Ал эми мугалимдер, бизди үйүнө бир ай кабыл алып жашаткан үй-бүлөм менен азыркыга чейин соц.тармактар аркылуу байланышып, сүйлөшүп турабыз.
   Ал эми өкүнгөнүм – бул менин англис тилин кеч үйрөнгөнүм болду. Азыр түрдүү программалар аркылуу чет өлкөлөргө барып билим алуу алда канча жеңил, болгону англис тилин мыкты билүү керек.

                                                             Программа тууралуу
     “SUSI” программасы Американын Департаменти тарабынан каржыланган көп тармактуу жана эл аралык программа. Бул программа негизинен жети тармак боюнча иш алып барат. Алардын катарында активдүү жаран, экологиялык маселелер, аялдардын лидерлиги жана жарандык журналистика сыяктуу бөлүмдөрү бар. Орто Азия өлкөлөрү булардын ичинен “Аялдардын лидерлиги” же “Women’s Leadership” деп аталган тармак боюнча программага катыша алат. Шарт боюнча ар жылы Орто Азиядан 20 студент кызды тандап алышат. 2017-жылы Кыргызстандан беш кызды тандап алса, алардын экөө “Манастын” студенттери болгон. Программа финалисттерди каржылоодон тышкары 1000 доллар, же 70 000 сом өлчөмүндөгү стипендия бөлүп берет.
  “SUSI” программасына катталуу кыш мезгилинин декабрь айында башталат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөө үчүн Америка Департаментинин Кыргызстандагы сайтын же соц.тармактарды тыкыр текшерип туруу керек. Студенттер эки баскыч менен кабыл алынат. Алгач сайтта көрсөтүлгөн анкетаны толтуруп, анда талап кылынган документтерди (резюме, рекомендация кылуучу кат, эссе, паспорттун копиясы, транскрипт ) жиберүү керек. Анкетанын жыйынтыгында биринчи турдан өткөн студенттер дароо эле программанын финалисттери болушат жана маектешүүгө чакыруу кат келет. Бул баскычта маектешүү үчүн атайын Америкадан программанын өкүлү келет. Маектешүү тегерек үстөл түрүндө жүргүзүлүп, катышуучуларга аялдардын лидерлигине жана коомдогу көйгөйлөрүнө байланышкан бир нече суроолор берилет.

                                                   Программага болгон талаптар
  Программага кабыл алуудагы башкы талаптардын бири англис тилин мыкты билүү. Жаш өзгөчөлүгү 18-25 жаш арасы. Катышуучу мурда Американын Департаменти тарабынан каржыланган программаларга катышпаган болушу керек. Америкага мурун барбагандарга артыкчылык берилет. Мындан тышкары студенттин университеттеги сабактарынан жетишкендиктери мыкты жана коомдук иштердин активдүү катышуучусу болсо программага кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Даярдаган: Адинай Курманова