"Орто Азия" тарых клубу тарабынан семинар уюштурулду


Үстүбүздөгү жылдын 6-февраль күнү Студенттик кеңеш башкармалыгынын астында түзүлгөн "Орто Азия" тарых клубу тарабынан семинар уюштурулду.  Аталган семинар Касым Тыныстанов жыйындар залында  "Учурдагы тарых изилдөөлөрүнүн көйгөйлөрү" аталышында өттү. Семинар окуу жайдын проректору проф.,док. Анварбек Мокеев жана проф.,док. Кубатбек Табалдиев тарабынан өткөрүлду.  Ага тарых бөлүмүнүн жалпы окутуучулук жамааты жана студенттери катышышты.

Тарыхтын туура изилдениши боюнча өз оюн айткан проректор проф.,док. Анварбек Мокеев, "Тарых түрдүү көз караштарда жазылат.Ал туура да, бурмаланган да болушу мүмкүн. Андыктан алардын чын-төгүнүн билүү үчүн бир гана көп окуп, изилдөөнүн негизинде анализ чыгаруу керек. Тарыхчы бир гана факты, аргумент менен гана жазса чыныгы тарыхчы болуп саналат", - деп билдирди.

Проф.,док. Кубатбек Табалдиев да проректордун оюна кошулуп, археологиялык казуулар боюнча учурдагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын аягында  студенттик кеңештин төрагасы агайларга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, бул семинар "Орто Азия" тарых клубун кайра жандандыруу максатында уюштурулуп, агайлар мындан ары да дайыма  өткөрүп турууну сунуштады.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы