ОРТО КЫЛЫМ ТАРЫХЫ БИЛИМ ЖАРЫШМАСЫ


     2021-жылдын 31-январында Студенттик Кеңештин 'Борбор Азия' тарых клубу тарабынан "Орто кылым тарыхы" аттуу билим жарышмасы уюштурулду. Викторина онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Катышуучу командалар үч турда күч сынашты. Биринчи тур жалпы көз карашты аныктоого арналган суроолордон, экинчи тур ири категориялардан, үчүнчү тур сүрөттөр менен берилген суроолордон турду. 

Орто кылым тарыхы викторинасына жалпысынан төрт команда катышты. Бул командалардын арасынан; 

Арзым 52 упай 

Aвангард 47 упай 

Эверест командасы 30 упайга ээ болду. 

Ошентип, викторина сынагынын биринчилери Арзым командасы болду. Aрзым командасын төмөнкү мүчөлөр түздү; 

Аллаберди Чукулов - Тарых бөлүмү, 3-курс 

Эсен Жакшылыков - Тарых бөлүмү, 2-курс 

Алина Беккубат кызы - Тарых бөлүмү 1-курс 

Айбийке Абдыбаева - Туркология бөлүмү, даярдоо курсу. 

Мындан тышкары, Эверест командасынын мүчөсү, Тарых бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Жазгүл Равшанбек кызы мыкты ой жүгүртүүсү жана чыгармачылыгы менен башка мүчөлөрдөн айырмаланып, мыкты оюнчу аталды. Арзым командасынын ар бир мүчөсүнө китептер белекке берилди. 

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу 

Которгон: Саадат Казакбаева