ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ


     2021-жылдын 5-февралында Студенттик Кеңештин “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан "Ийгиликке карай жол" аттуу семинар уюштурулду. Семинар эл аралык мамилелер клубунун инстаграм баракчасында түз эфирде көрсөтүлдү. Иш-чаранын коногу Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 4-курсунун студенти, 2019-2020-окуу жылындагы Кыргыз Республикасынын Президенттик стипендиясын алган Диана Тургунбаева болду. 

Семинардын жүрүшүндө Диана Тургунбаева Президенттик стипендияны кантип утуп алгандыгын, эмне кылгандыгын, стипендияны алууга кимдерде мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып берип, Президенттик стипендияга ээ болуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин түшүндүрүп берди. Ал катышуучулар менен Президенттик стипендияны жеңип алгандагы сезимдери жана ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле, алмашуу программалары жөнүндө маалымат берип, өзүнүн тажрыйбаларын айтып берди. 

Түз эфирдин аягында катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди. 

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу 

Которгон: Саадат Казакбаева