БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖОЛУГУШУУСУ


Үстүбүздөгү жылдын 1-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Байчечекей” аталышындагы университет бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу университет жетекчилигинин колдоосунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы жана Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулду. 


Программанын биринчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр үчүн фуршет, кампус туру, спорт оюндары уюштурулуп, каалоочулар колдоруна мехенди тарттырышты. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн балдарына дагы күнүн кызыктуу өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүп, жолдорго сүрөт тартып ойношуп, кинозалда атайын мультфильм көрсөтүлдү. 


Саамалыктын экинчи бөлүгү социалдык курулуштар имаратынын 2-кабатында улантылды. Алгач университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Серхат Атмажа жана төраганын орун басары, университетибиздин Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова бүтүрүүчүлөр тууралуу маалымат берип өтүштү.


Андан соң ректор проф.,док. Себахаттин Балжы келген конокторго, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирди. “Биз бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. Биздин бүтүрүүчүлөр иш издегендер эмес, татыктуу иш орду үчүн изделген кадрлар.”,-деди ректор. 
Ошондой эле келген коноктор кечки тамак үстүндө баарлашып, студенттик күндөрүн эстеп, ректорго жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтышты. Жолугушуу биргеликте эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

Даярдаган: Луиза Мелис кызы