Окуу менен дүйнө кыдырган “Манастыктар” (4-чыгарылыш)


     “Erasmus +” алмашуу программасы жана “Komomoto Spring Program” аркылуу Түркия менен Японияда билим алып келген Самат Эргешмамет уулу өзүнүн тажрыйбалары жана программага тапшыруудагы кеңештери менен бөлүшөт. Каарманыбыз Түркиянын эң алдыңкы университетинде акысыз окуп келүүгө кантип мүмкүнчүлүк алды жана англис тилин өз алдынча кантип үйрөнгөн? Кызыктын баарын студентибиз өзү баяндап берет.

         Ч. Айтматовдун китебин окуп отурган студенттерди көрүп сыймыктандым

   “Erasmus+” алмашуу программасы окуу жайыбызда 2015-2016-окуу жылынан тартып ишке ашып келет. Келишимге ылайык, аталган программа аркылуу студенттер Түркиянын Жакынкы Чыгыш Техникалык университетинде (Orta Doğu Teknik Üniversitesi’nde) бир же эки семестр окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Алгачкы жылы университетибизден үч студент бул программа аркылуу билим алып келген.

     “Мен окуп келген окуу жай менен “Манас” университетинин окшоштуктары абдан эле көп экен. Окуу системасы, шарттары, тамак-аштары бирдей. Айырмачылыктары окуу бир гана англис тилинде жүргүзүлөт жана эң кызыгы студенттердин сабак учурунда деле тамак-аш ичип отурушу болду. Мындай жагдайга башында таң калсам, кийин көнүмүш эле адатка айланып калды”,- дейт Самат Эргешмамет уулу.

     Сабактар бир гана англис тилинде болгондуктан башында бир аз кыйынчылыктар болду. Жаңы барганда айрым сабактарды диктофонго жаздырып алып, кайра угуп даярданган күндөрүм өттү. Агай-эжейлеримдин, окуу жайымдын ишеничин актоо үчүн бирге окуган досторумдан эки эсе, үч эсе көп окууга туура келди. Жатаканадагы досторум түнкү төрт, беште таттуу уйкунун кучагында болсо, мен ал учурда туруп сабактарга даярданчумун. Жыйынтыгы жаман болгон жок, барган үчөөбүз тең жакшы баллдарды алып келдик.

Экинчи семестрге да калууну каалагам бирок, белгилүү бир себептерден улам ал жакта окуумду уланта албай калдым.

       Түркияда улуу жазуучубуз Ч. Айтматовду абдан жакшы таанышат, чыгармалары да эң көп окулган жазуучулардын сап башында. Анын чыгармалары айрым окуу жайларда атайын сабак катары окутулат экен. Түркиянын “Кызыл ай” деген борбордук аянтында кетип баратып, Айтматовдун китебин окуп отурган жаштарды көрүп, жүрөгүмдө сыймыктануу пайда болду.

        Программа тууралуу

     Бул программага тапшыруу үчүн каттоо жылына эки ирет жүргүзүлөт. Жазгы семестр үчүн ноябрь же декабрь айларында, ал эми күзгү семестр үчүн май айында башталат. Программага 2-3-курстун студенттери катыша алат. Башкы талап орточо баанын (ortalama) 3.50 дөн жогору болушу жана англис тилин билүүсү шарт. Негизги документ катары транскрипт (Баалардын көрсөтмөсү) жана англис тилин билгендигин тастыктоочу TOEFL сертификаты талап кылынат. Мындан тышкары сайтта көрсөтүлгөн анкетаны толтуруп жана мотивация берүүчү катты жазып жөнөтүү керек. Каттоо башталган учурдан тартып университеттин Тышкы мамилелер бөлүмү менен тыгыз байланышта болуу керек. Аталган бөлүм документтердин тууралыгын көзөмөлдөп, көмөктөшүп турат. Жыйынтыгы бир айдан соң белгилүү болот. Студенттер акысыз билим алышат жана кабыл алган тарап студенттердин жол киресин каржылоодон тышкары ай сайын 850 евро же 650 00 сом өлчөмүндөгү стипендия менен камсыз кылат.

      Китепканадан отурганга орун таппай калчубуз

      Бир сабакка эле 200-300 студент катышчубуз. Сынактар айрым гана сабактарда классикалык түрдө болбосо, көпчүлүгү тест түрүндө жүргүзүлүп эки, үч саатка созулат. Ар бир экзаменден чыккандан кийин биздин ЖРТ (ОРТ) тестине кирип чыккандай эле болчумун. Китепканасы абдан чоң болгонуна карабай, отуруп китеп окуганга орун таппай калчубуз. Студенттери аракетчил жана аябай көп окушат экен.

Жылкынын этин жегенибизге таң калышты

Чет өлкөдө жүргөндө улутубузду таанытуу жоопкерчилиги өтө жогору болот. Ар бир жүрүм-турумубузду, баскан-турганыбызды көзөмөлдөп, туура эмес иш-аракеттерди жасап албоого аракеттенебиз. Себеби, чет жакта жүргөндө сен өз улутуңдун жүзү болосуң. Ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өлкөбүз тууралуу кеп салып, каада-салт, баалуулуктарыбызды таанытууга аракет кылдык.

Эң кызыгы жылкынын этин жегенибизге таң калганын жашырышкан жок, алтургай талкуулап да калышчу. Ал эми кымыз ичерибизди укканда даамын татып көрүүгө кызыккандардын саны арбын болду.

Англис тилин өз алдымча үйрөндүм

Даярдоо курсунда окуп жатканда түрк тили менен катар англис тилин үйрөнүү үчүн төрт айдан ашык курстарга барып жүрдүм. Андан кийин эмнени окушуң керек экенин өзүң эле билип калат экенсиң. Англис тилин үйрөткөн сайттар аркылуу жана китептерди сатып алып өз алдымча окуп үйрөндүм. Бир тилди жакшы үйрөнүү үчүн ошол тилде ойлонуш керек же түш көрүү керек деген кепти угуп калгам. Бир күнү досторум кээде уктап жатканда англисче сүйлөп каласың деп айтышканда, жакшы эле үйрөнүп калган окшойм деп абдан сүйүнгөм. (Күлүп)

Программага тапшырууга кеңеш

      Учурда чет элдик программаларга тапшыруудагы негизги талаптар орточо баа (Ortalama) жана англис тилин билүү. Ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып, ыктыярчы болуп жүргөндөрдүн мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Студент кайсы багытта магистратураны окууну кааласа, ошол багыттагы иш-чараларга катышып, стажировкалардан өтүүсү жана ыктыярчылык кылуусу чоң мааниге ээ. Бирок максатсыз жана пайдасыз иш-чараларга убакыт коротуу кыялыбыздын орундалышына терс таасирин тийгизерин унутпайлы. Мындан тышкары тил билгендигин тастыктоочу бардык өлкөгө жарамдуу сертификаттарды (Түрк тили үчүн “Tömer”, англис тили үчүн “TOEFL”) алуу керек. Көпчүлүк студенттер орточо баа (Ortalama) маанилүү эмес, билим алсак болду деп эсептешет. Бирок мен орточо бааны (Ortalama) маанилүү деп эсептейм, окуган студенттин орточо баасы да жогору болот.

Билимимди Япониядан улантууну каалайм

     Магистратура боюнча билимимди Япониядан окууну кыялданам. Бул өлкөнүн жаңы бизнес моделдери, алдыңкы технологиясы жана башка көптөгөн артыкчылыктары менен мүмкүнчүлүктөрү өзүнө тартып турат.

Даярдаган: Адинай Курманова