K.C. Cumhurbaşkanlığı Bursu hk.


Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Урматтуу студенттер, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Президенттик стипендияга конкурс жарыяланды!


Стипендияны ыйгаруу окутуунун күндүзгү формасында бакалавриат программасы боюнча 3 курсту, Ветеринария факультетинде 4-курсту бүтүргөн студенттердин арасынан төмөнкү критерийлердин (1-пунктуна жана 2-7 пункттарынын бир канчасына) ылайык талапкерди тандоонун негизинде жүргүзүлөт:
1) Окутуунун бардык мезгилинде орто аралыктагы аттестациянын жыйынтыгы боюнча (транскрипт) алган баалардын жалпы санынан "эң жакшы" деген баа (AA жана BA) кеминде 90% болуусу
2) Стипендия ыйгаруу алдындагы 2 жылдын ичинде студенттердин окуудагы жетишкендиктердин табууга багытталган эл аралык же республикалык олимпиадада, конкурста, мелдеште, таймашта ж.б. иш-чарада студентти жеңүүчү же байге ээси деп таануу
3) Стипендия ыйгаруу алдында 2 жылдын ичинде илимий изилдөө ишинин натыйжалары үчүн сыйлыкты алуусу; интеллектуалдык (илимий-усулдук, илимий-техникалык)) иште жетишилген илимий натыйжасына студенттин өзгөчө укугун күбөлөндүргөн документинин болуусу; илимий-изилдөө ишин аткаруу үчүн гранктка ээ болуусу
4) Стипендия ыйгаруу алдында 2 жылдын ичинде студенттин илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук басылмада жарыялоолорунун бар болуусу
5) Стипендия ыйгаруу алдында 2 жылдын ичинде студенттин илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда ж.б. иш-чарада баяндама (билдирүү) жасоо менен жарыялоосу
6) Студенттин мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билүүсү
7) Студенттин билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу
Конкурска катышууну каалаган жана жогоруда жазылган стипендиянын критерийлерине жооп берген бардык студенттерибиз тез арада факультети менен байланышка чыгып, тийиштүү документтерди тапшыруулары абзел.
Ийгилик каалайбыз!
 

Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобо