Балдар үйүнө жардам көрсөтүлөт
Студенттик Кеңештин “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан балдар үйүнө жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук жарманкеси уюштурулду.
Жарманкеде студенттердин колунан жасалган тамак-аштар жана буюм-тайымдар сатыкка коюлду. Чогулган каражатка Бишкек шаарындагы Военно-Антоновка балдар үйүнө керектүү кийим-кече жана тамак-аштар алынып берилет.
Уюштуруучулардын айтымында, жарманке декабрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин “Ак-ниет” кайрымдуулук клубу, “Ыйман”фонду жана теология факультети тарабынан жарманке өткөрүлүп, Ленин райондук карылар үй-интернатына керектүү буюм-тайымдар жана тамак-аштар алынып берилген.
Даярдаган: Адинай Курманова