Балдар үйүнө жардам көрсөтүлөт


Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Студенттик Кеңештин “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан балдар үйүнө жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук жарманкеси уюштурулду.


Жарманкеде студенттердин колунан жасалган тамак-аштар жана буюм-тайымдар сатыкка коюлду. Чогулган каражатка Бишкек шаарындагы Военно-Антоновка балдар үйүнө керектүү кийим-кече жана тамак-аштар алынып берилет.


Уюштуруучулардын айтымында, жарманке декабрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт.


Эскерте кетсек, буга чейин “Ак-ниет” кайрымдуулук клубу, “Ыйман”фонду жана теология факультети тарабынан жарманке өткөрүлүп, Ленин райондук карылар үй-интернатына керектүү буюм-тайымдар жана тамак-аштар алынып берилген.

Даярдаган: Адинай Курманова