Багыттоо программалары


Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келип, университетибизде билим алуу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк студенттерге Эл аралык студенттер координаторлугу  тарабынан багыттоо программасы уюштурулат. Программанын негизги максаты жаны келген студенттердин өлкөбүзгө, шаарыбызга жана окуу жайыбызга кыска аралыкта адаптация болуусун камсыздоо, бири-бири менен тез тил табышып кетүүсүно шарт түзүп берүү, алгачкы күндөрдө күтүлгөн кээ бир тоскоолдуктарда көмөк көрсөүү, окуу жайга жана жатаканага каттоодон өтүүлөрүнө жардам берүү болуп саналат. 

Багыттоо программасынан пайдаланууну каалаган студенттер бул жакка учуп келээрден 3 күн мурун конуу күнүн жана убактысын, авиа каттамдын номурун университетибиздин электрондук куржунуна жиберүүсү керек.

3 жумалык программага:

Студенттерди аэропорттон тосуп алуу;

Жатаканага жайгаштыруу;

Университетке жана жатаканага каттоодон өтүүсүнө жардам берүү;

Медициналык справкаларын толуктоо;

Документтерин тактоо;

Университетти жана шаарды таанытуу туру, Ала- Арча улуттук паркына саякат;

Окуу жайдын ректору менен таанышуу жана маектешүү  кирет.