Haydi Türkçe Konuşalım



  “Haydi Türkçe Konuşalım’’ (Келгиле, түркчө сүйлөшөлү ) проекти 2013-жылы негизделип, учурда 250гө жакын студентке түрк тилин үйрөтүү менен биргеликте түрк элинин тарыхы жана маданияты тууралуу да маалымат берип келет. 

Проекттин максаты даярдоо курсунун студенттери үчүн түрк тилин практика аркылуу үйрөтүү, элдин алдына чыгып так, туура сүйлөөгө жардам берүү жана бул сабактардын жүрүшүндө улуттар аралык достукту бекемдөө болуп саналат.

Сабактар ар ишемби саат 09:00-12:00 арасында түрк улутундагы ыктыярчы студенттер тарабынан өткөрүлөт.

Негиздөөчүсү - Атилла Гүвен

Проекттин жооптуусу – Салим Акбаш.

Ыктыярчы студенттер: Сүлейман Улу, Фатих Багжык, Энес Болат, Кузей Ялчын, Юнус Өзпинар, Мустафа Бакыр, Керем Тосун, Орхан Вели Килит, Хилал Чаглар, Невзат Эравжы, Эсма Акман, Гөзде Топрак.

Катышуучуларга жыл соңунда сертификаттар тапшырылат.