КТМУ жөнүндө


Университеттин курулушу жана статусу: Кыргыз-Түрк “Манас” университети эки боордош өлкө – Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылдын 30-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде Кыргызстандын борбору – Бишкек шаарында курулган өзгөчө статустагы эл аралык мамлекеттик университет болуп саналат.  

Университеттин миссиясы–Өз тармагында мыкты, өзүнө болгон ишеними жогору, орток маданий баалуулуктар алкагында улуттук аң-сезим, адеп-ахлактык принциптерге жана жалпы дүйнөлүк баалулуктарга ээ болгон, коомдун алдында жооптуу, заманбап, эл аралык деңгээлде иштей алчу адистерди даярдоо жана дүйнөлүк илимге салым кошуу. 

Университеттин концепциясы–Академиялык иштер жана коомго көрсөтүлгөн кызматтар аркылуу түрк дүйнөсүнө жана жалпы адамзатка салым кошкон эл аралык деңгээлде абройлуу жана дүйнөгө таанылган университет болуу.

Университеттин максаттары:Тажрыйбалуу адистерди даярдоо, Болонья процессине шайкеш болуу, билим берүүдө ийкемдүүлүк, студентке багытталган окутуу, ички жана тышкы өнөктөштөр менен таасирдүү мамиле жана өнүмдүү кызматташтык түзүү, технологияга таянган билим берүү, Европалык университеттери ассоциациясынын курамына кирүү.

Студенттик шаарча: Тянь-Шань тоолорунун этегинде жайгашкан Бишкек шаарында орун алган жана Орто Азиядагы бирден бир өзүнө тарткан студенттик шаарчабызда тынчтык жана ынтымак ичинде көп улуттун өкүлдөрү жашап, анда ишенимдүү, ыӊгайлуу, социалдык жана маданий жашоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Окутуу тили: Университетте окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Ошондой эле тил үйрөтүү боюнча даярдоо бөлүмүндө студенттерге орус, англис жана кытай тилдери үйрөтүлөт.

Окутуу акысы: Университетте окутуу толугу менен акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аларга жатакана, тамак-аш жана стипендия берилет.

Студенттер: Эл аралык статустагы университетибизде 14 өлкөдөн келген 6291 студент ар башка маданиятка бай чөйрөдө, тынчтык, ынтымак, бир туугандык жана биримдик ичинде билим алып, белгилүү уюм/мекемелерде окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бүтүрүчүүлөр: бүгүнкү күнгө чейин жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуусун бүтүргөн студенттердин саны 8382ни түзөт. Университетибиздин бүтүрүчүүлөрү университетте өздөштүргөн билими менен эл аралык деңгээлде ишке орношууда.

Студенттик кеңеш: Университеттин жетекчилиги менен тыгыз байланышта жана кызматташтыкта болгон студенттик кеңеш студенттер ортосундагы биримдик жана достук мамилелеринин түзүлүшүндө маанилүү роль ойнойт. Маданий, спорттук, социалдык жана билим багытында иш-чараларды уюштурган студенттик клубдарыбыз студенттердин кызыккан багыттары боюнча билимин жана талантын өркүндөтүүдө чоң салымын кошот.

Академиялык түзүмдөрүбүз: Университетибиздин студенттери 9 факультет, 3 жогорку мектеп, 1 кесиптик жогорку мектеп жана 2 институтка караштуу 48 бөлүм/ программа жана 21 кафедраларда билим алууда.

Академиялык кызматкерлер: Университетте 6 өлкөдөн келген 500ден ашуун толук ставкалуу жана жарым ставкалуу окутуучу иштейт. Университеттин окутуучулары өз тармагы боюнча жүргүзгөн илимий иштери жана публикациялары менен дүйнөлүк илимге өз салымын кошуп келүүдө.

Административдик кызматкерлер: Университетте 400дөн ашуун административдик кызматкер пландаштырылган иштерди жүргүзүп жатат. Университеттин бардык кызматкерлери студенттер менен тыгыз иштешип, аларга үй-бүлөдөгүдөй жылуу атмосфераны жаратууда.

Материалдык-техникалык база: Университетте эки кампус, 840.140 чарчы метрдик ачык аянт, 24 имарат, 42 батир, 55 лаборатория, 137 дарскана, 4 жыйын-залы жана 3 конференц-залы, 127.907 чарчы метрдик жабык аянт, 4 ашкана, 6 кантин-кафетерий, 1 ачык жана 1 жабык спорт комплекси, 3 студенттер үйү, 2 китепкана жана окуу борборлору менен Орто Азиядагы алгачкы жана кампуска ээ болгон бирден-бир жогорку окуу жайы болуп саналат.

Иш-чаралар: Университетте жыл сайын эл аралык илимий иш-чаралар өткөрүлүп, анда дүйнөнүн ар түрдүү жерлеринен келген окумуштуулар Орто Азиядагы кесиптештери менен жолугушуп, академиялык деңгээлде пикир алышуусу жана орток илимий иштерди жүргүзүүсүнө жол ачабыз. Ошондой эле студенттер менен академиялык жана административдик кызматкерлер катышкан маданият, искусство жана спорт тармагындагы иш-чараларды өткөрөбүз.

Коомго көрсөтүлгөн кызматтар: Университет академиялык жааттагы бай тажрыйбасын коомго сунуштайт. Бул өңүттө университет кеңеш берүү кызматтары, түркчө ж.б. чет тилдерди үйрөтүү, сертификаттуу окуу курстары, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча курстар, институционалдык потенциалды өнүктүрүүчү иш-чаралар, эл аралык тажрыйбаны алмашуу, долбоорлор боюнча биргелешкен иш-аракеттерди ийгиликтүү түрдө жүзөгө ашырып жатат.

Кызматташуулар: Башка университеттер менен ар түрдүү багытта кызматташууга даяр болгон университетибиз Түркиядагы ж.б. дүйнөлүк университеттер жана мекемелер менен 80ге жакын кызматташтык келишимин түзгөн. Студенттердин жана окутуучулардын алмашуусуна, ошондой эле биргелешкен иш-чаралардын өткөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк берген университетибизде азыркы учурда башка университеттер менен ар түрдүү багытта көп санда илимий долбоорлор жүргүзүлүп жатат. Айрыкча университетте илимий жыйындар уюштурулуп, анда изилдөөчүлөр үчүн түрк цивилизациясынын бешиги болгон Орто Азияга таандык изилдөө тармактарында иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Абитуриенттерди кабыл алуу: Университетке абитуриенттер үч негизги булактан кабыл алынат: Кыргызстан, Түркия, түрк тилдүү жана боордош мамлекеттер. Кыргызстандагы абитуриенттерди кабыл алуу процедурасы университет тарабынан жыл сайын уюштурулган студенттерди таңдоо жана жайгаштыруу сынагы (Манас – СТЖС) жана Кыргызстандагы ЖРТнын жыйынтыктарынын негизинде өткөрүлөт. Ал эми Түркиядан абитуриенттер ТРсынын Студенттерди таңдоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан уюштурулган сынактын жыйынтыктары боюнча кабыл алынат. 

Кыргызстан жана Түркиядан сырткары башка түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден абитуриенттерди кабыл алуу процедурасы ректорлук тарабынан түзүлгөн “Түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын” координаторлугунда өткөрүлөт.

Инженердик факультет:

Программалык инженерия бөлүмү;

Жаратылышты колдонуу жана экология бөлүмү;

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы бөлүмү;

Химиялык технология бөлүмү;

Гуманитардык факультет:

Тарых бөлүмү;

Түркология бөлүмү;

Чыгыш тилдери (Орус тили жана адабияты; Кытай тили жана адабияты) бөлүмү;

Батыш тилдери (Англис тили жана адабияты) бөлүмү;

Социология бөлүмү;

Философия бөлүмү;

Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк көрсөтүү бөлүмү;

Синхрондук котормо бөлүмү;

Экономика жана башкаруу факультети:

Экономика бөлүмү;

Финансы жана кредит бөлүмү;

Менеджмент бөлүмү;

Эл аралык мамилелер бөлүмү;

Коммуникация факультети:

Журналистика бөлүмү;

Коом менен байланыштар жана реклама бөлүмү;

Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү;

Табигый илимдер факультети:

Биология бөлүмү;

Математика бөлүмү;

Колдонмо математика жана информатика бөлүмү;

Айыл чарба факультети

Бакча жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү;

Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү;

Ветеринардык факультет:

Ветеринария бөлүмү;

Көркөм өнөр факультети:

Графика бөлүмү;

Сүрөт бөлүмү;

Театралдык искусство бөлүмү;

Музыкалык искусство бөлүмү;

Теология факультети:

Дин таануу бөлүмү;

Ислам таануу бөлүмү;

Чет тилдер жогорку мектеби:

Кыргыз тили, орус тили, англис тили жана түрк тилин окутуучу даярдык курсу;

Туризм жана мейманкана жогорку мектеби:

Сервис бөлүмү;

Туризм бөлүмү;

Мейманкана иштетүү бөлүмү;

Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби:

Тренерлерди даярдоо бөлүмү;

Дене тарбия жана спорт бөлүмү;

Кесиптик орто билим берүү колледжи:

Офис менеджмент программасы;

Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо программасы ;

Экономика жана бухгалтердик эсеп программасы;

Автоунааларды тейлөө жана оңдоо программасы ;

Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо программасы;

Ширетүү өндүрүшү программасы;

Мектепке чейинки билим берүү программасы;

Маркетинг программасы;

Туризм программасы;

Жыгач иштетүү жана эмерек технологиясы программасы;