КАЗАКСТАН ЖУМАЛЫГЫН ЖАБУУ ПРОГРАММАСЫ


     Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында, Студенттик иштер башкармалыгы, Студенттик кеңешини жана Эл аралык студенттер координаторлугу менен биргеликте, 2021-жылдын 19-мартында “Өлкө жумалыгында” Казакстанды таанытуу программасынын жабылышы болду. Программа Google Meet тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп, иш-чарага ректор, проректор, кафедра башчылары, коноктор жана студенттер катышты.

     Университетибиздин проректору проф., докт. Анварбек Мокеев университетте окуп жаткан казак студенттери жөнүндө маалымат берди. Андан кийин университеттин ректору проф., докт. Алпаслан Жейлан : “Биздин университетте жок дегенде 500 казак студентинин болушун каалайт элем. Казакстан биз үчүн абдан маанилүү өлкө. Хожа Ахмет Йесеви Университети жана Түркстандагы башка бир катар университеттер менен болгон мамилебизди максималдуу деңгээлге чыгарабыз. Биз “Манас” университетинин бардык студенттерине эл аралык саякаттоо мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайбыз. Студенттерибизге ар кайсы өлкөлөргө, айрыкча Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга барууга мүмкүнчүлүк беребиз. Ошондой эле программага салым кошкондордун баарына ыраазычылыгымды билдирем ",-деди.

     Программанын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын таанытуу презентациясы Нигар Байрамова тарабынан жасалды. Программага Казакстандан келген Жылдызай Кенжешбаева катышып, домбрада Наяу жана Жумыр Күй ырларын аткарды. Казакстандык студенттердин ата-энелери кыска сөз сүйлөп, балдарынын “Манас” университетинде сапаттуу билим алып жатышканына сыймыктанарын билдиришти. Студенттерибиз Гүлистан Ширинова Алтын Бешик ырын, Күнзипа Рахим кызы Эки Жерен ырын аткарып, Абдусалам Үксүкпай “ Билимден чыккан сөз” ырын окуду. Андан соң Максимум фитнес борборунун директору, биздин бүтүрүүчүбүз Рустам Ахмедов “ Манас” университетинин ар тараптан өнүгүшүнө, ар түрдүү маданияттар менен таанышып, жаңы досторду тапканына, чет тилдерди үйрөнүүсүнө жана анын аркасында оңой жумушка орношуусуна салымы чоң экенин билдирди. Иш-чаранын аягында эстеликке сүрөткө түшүп, программа домбрада кол ойнотуу менен аяктады.

 

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева