ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖУМАЛЫГЫН ЖАБУУ ПРОГРАММАСЫ


     Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 25 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында, Студенттик иштер башкармалыгы, Студенттик кеңешини жана Эл аралык студенттер координаторлугу менен биргеликте, 2021-жылдын 12-мартында "Өлкө жумалыгында" Өзбекстанды таанытуу программасынын жабылышы болду. Программа Google Meet тиркемеси аркылуу болуп, иш-чарага ректор, проректор, кафедра башчылары, коноктор жана студенттер катышышты.

     Университетибиздин проректору проф., докт. Анварбек Мокеев: “Өзбекстан биз үчүн маанилүү өлкө. Жабылуу программасынын президентибиздин Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда болгондугу кубанычтуу окуя болду. "Өлкө жумалыгы" программасы абдан ийгиликтүү жүрүп жатат",-деди.

     Университетибиздин ректору, проф., докт. Алпаслан Жейлан: “Бүткүл түрк дүйнөсү сыяктуу эле Өзбекстан да биз үчүн өзгөчө орунга ээ. Мен Өзбекстандын географиясын жакындан билем. Университетибизде бир тууган өлкөлөрдүн студенттери чай үстүндө отуруп, баарлашуусу үчүн жайкы жана кышкы бакчаларды даярдап жатабыз", -деди.

     Программанын жүрүшүндө, университетибиздин бүтүрүүчүсү, Кыргызстандын ырчысы Азиз Батыров "Ала Тоо көрккө келбейт эл болбосо" ырын ырдап, программага шаң кошту. Андан кийин, Өзбекстанды тааныштыруу болуп өттү. Өзбекстандык студенттерибиздин ата-энелери кыска сөз сүйлөп, балдарынын "Манас" университетинде сапаттуу билим алып жатышканына сыймыктанышаарын билдиришти. Биздин студенттердин бири Мухлиса Садыкова "Настарин" ырын аткарса, Малика Акбаралиева университетибиздин 25 жылдыгына арнап жазган кыргызча ырын окуп берди. Кийинчерээк биздин ийгиликтүү жана үлгүлүү бүтүрүүчүлөрүбүз Бакыт Исматов, Гулина Юсупова жана Умида Сулайманова "Манас" университети аларды ар тараптан өнүктүрүп, ар кандай маданияттар менен тааныштырып, жаңы досторду табууга, чет тилдерди үйрөнүүгө мүмкүндүк бергенин жана ушул себептен алар оңой эле жумушка орношконун билдиришти. Иш-чаранын аягында эстеликке сүрөткө түшүп, программа өзбек улуттук бийи Полканын клиби менен аяктады.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева