Өлкөлөрдүн маданий күндөрү


   Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан бир айда бир жолу өлкөлөрдүн маданий күндөрү өзгөчө шаң менен өткөрүлүп келет.

   Бул иш-чараларга Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн ыйгарым укутуу элчилери жана ректоратыбыз катышып, ар улуттун өкүлдөрү уюштурган концерттик программага күбө болушат. Белгиленген өлкөнүн маданий күнүндө ал өлкө тууралуу фильм көрсөтүлүп, каада-салттарын таанытуучу көргөзмө уюштурулат. Концерттик программада ошол өлкөнүн маданиятына тиешелүү ыр-бийлер аткарылат. Буга чейин Кыргызстан, Түркия, Өзбекистан, Азербайжан, Тажикистан жана Кытай өлкөлөрүнүн танытым күндөрү өткөрүлүп, мындан ары да кезектеги өлкөлөрдүн маданиятын таанытуу күндөрү уланмакчы.

Өлкөлөрдүн маданий күндөрүн өткөрүүнүн негизги максаты университетибиздин миссиясы болгон түрк дүйнөсү жана боордош элдердин биримдигин жана достугун чыңдоо болуп эсептелет.