КЫРГЫЗ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНҮН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ АСПЕКТЕРИ


     2021-жылдын 18-мартында Студенттик Кеңештин `Борбор Азия` тарых клубу тарабынан "Кыргыз илимин изилдөөлөрүнүн келип чыгышы жана өнүгүү аспектилери" аталышындагы семинар уюштурушту. Иш-чара онлайн режиминде Google Meet тиркемеси аркылуу өткөрүлдү. Семинардын коногу окуу жайыбыздын тарых бөлүмүнүн мүчөсү проф., докт. Жээнбек Алымбаев болду.

     Семинарда проф.,докт. Жээнбек Алымбаев кыргыз илиминин маселелерине токтолуп, кыргыз илиминин жаралышы, анын тарыхый өнүгүшү, бул жааттагы изилдөөлөр жана пайда алып келген орус окумуштуулары менен изилдөөчүлөрүнүн эмгектери жөнүндө кеңири маалымат берди.

     Семинарга ОшМУнун студенттери да катышты. Проф., докт. Жээнбек Алымбаев жаш тарыхчыларга жана изилдөөчүлөргө жаңы идеяларды жана жаңы тармактарды тартуулады. Семинардын аягында катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева