Таанытуу иш-чаралары


Университетибиздин активдүү студенттеринен түзүлгөн ыктыярдуу таанытуу тайпалары жыл сайын Университетибизде окууну каалаган мектеп окуучулары үчүн ар түрдүү таанытуу, маалымат берүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Кыргызстандын бардык облусттарында таанытуу иш-чаралары алкагында таанытуу өкүлдөрүбүз тарабынан кышкы эс алуу учурунда орточо 150 мектептин 5000ге жакын окуучусуна университетибиз жөнүндө кенен маалымат беришет.

Бишкек таанытуу өкүлдөрү болсо, жыл боюнча университетибиздин таанытуу комиссиясы жана массалык маалыматтар жана коомчулук менен байланыш бюросу менен биргеликте таанытуу көргөзмөлөрүнө катышып, Университетибизди жөнүндө маалымат алууга келген мектеп окуучуларына Кампусубузду кыдыртышат. Орточо эсеп менен жыл боюнча Бишкек таанытуу өкүлдөрү тарабынынан 4000 ге жакын окуучуга маалымат берилет.

Жыл боюнча таанытуу материалдары да үзгүлтүксүз таратылууда.

110 ыктыярдуу таанытуу өкүлү катышкан бул иш-чара кийинки жылдары да Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан улантылмакчы.