ООГАНСТАН ЖУМАЛЫГЫН ЖАБУУ ПРОГРАММАСЫ


     Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында, Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы, Студенттик Кеңешинин Төрагасы жана Эл аралык Студенттик Координаторлугу менен биргеликти, 2021-жылдын 26-мартында “Өлкө жумалыгында” Ооганстанды таанытуу программасынын жабылышы болду. Программа Google Meet тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп, иш-чарага ректор, проректор, Ооганстан Ислам Республикасынын Бишкектеги элчиси, кафедра башчылары, коноктор жана студенттер катышты.

     Университетибиздин проректору проф., докт. Анварбек Мокеев университетте окуп жаткан Ооганстандык студенттер жөнүндө маалымат берди. Андан кийин сөз сүйлөгөн университетибиздин ректору проф., докт. Алпаслан Жейлан: “Биздин университетте ооган студенттеринин көбөйүшүн каалайбыз. Бул маселе боюнча урматтуу элчи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ооганстан биз үчүн абдан маанилүү өлкө. Пандемия бүткөндөн кийин, мен Ооганстанга баргым келет. Каалаган убакта студенттерибиздин үйүнө барып калышым мүмкүн, ар убак чайларыңыз даяр турсун. Ошондой эле программага салым кошкондордун баарына ыраазычылыгымды билдирем ",-деди.

     Ооганстан Ислам Республикасынын Бишкектеги элчиси, генерал Бисмилла Вазири: “Алгач университеттин 25 жылдык мааракесин куттуктайм жана сизгдерге көп жылдык ийгиликтерди каалайм. Ооганстан жумалыгы сиздердин университетте белгиленип жаткандыгына сыймыктанам. Жана ошондой эле сиздерди өтүп кеткен Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Ооганстандык студенттерди университетке кабыл алганыңыздар үчүн өз өкмөтүмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Урматтуу студенттер, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз бөлүмүңүздүн мыктысы болууга аракет кылыңыздар. Сиз өз өлкөңүздүн келечегисиз. Сиз Ооганстандын келечегине чоң салым кошушуңуз керек. Сиздин келечегиңиз кең. Дагы бир жолу Түркия жана Кыргызстан мамлекетине жана элдерине ыраазычылык билдиргим келет ”,- деди.

     Программанын жүрүшүндө Ооганстан Ислам Республикасынын таанытуу презентациясы Энаетулла Сайид Халил тарабынан жасалды. Студенттерибиздин бири Садя Таллаш "Мекен" аттуу ырды окуп берди. Ооганстандык студенттеринин ата-энелери кыска сөз сүйлөп, балдарынын “Манас” университетинде сапаттуу билим алып жаткандыгына сыймыктанарын билдиришти. Кийинчерээк, 2013-2014-окуу жылынын бүтүрүүчүсү, Ооганстан Ислам Республикасынын Бишкектеги элчилигинде кызмат өтөгөн Али Шер Осман, “Манас” университетин аяктоо сиздин жашооңузга 70% кепилдик берүү экендигин айтып, университет ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошконун айтты .

     Иш-чаранын аягында эстеликке сүрөткө түшүп, программа кооз фарс ыры менен аяктады.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева