Психологиялык кеңеш жана багыттоо


 

Борбордун максаты

Студенттердин жеке жана коомдук максаттарын аныктаганга, окуу жана кесипке байланыштуу туура чечимдерди чыгарууда, жашап жаткан чөйрөгө көнүүдө ж.б. учурларда студенттерге жардам көрсөтүү, ар түрдүү проблемаларды чечүүгө багытталган кыска жана узун мөөнөттүү индивидуалдык психологиялык кеңеш жана багыттоо кызматын көрсөтүү. Индивидуалдык кеңештен тышкары студенттерге тиешелүү маалыматтарды берүү, жалпы кызыгуу жана проблемалары болгондорго да атайын топтор түзүлүп, группалык психологиялык кеңеш жана багыттоо кызматын көрсөтүү.
   
Ишт
өө принциптери: ыктыярдуулук жана жашыруундук.
К
айрылуу:
-    Силерди түшүнгөн бирөө менен сүйлөшкүңөр келсе,
-    Ой-сезимиңерди ачык жана жеткире айтууну кааласаңар,
-    Ата-эне, бир тууган же досторуңар менен карым-катнашыңарда силердин тынчсызданууңарга себеп болгон проблемалар болсо,
-    Кайгыланып, убайым тартып, жалгызсырап жүрөм десеңер,
-    Сабактарга даярдансаңар деле ойдогудай натыйжа жок десеңер,
-    Экзамен учурунда абдан кайгырсаңар,
-    Жашап жаткан чөйрөгө дагы эле көнө албай жатам десеңер...

Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борборуна келип адистер менен жолугушуу силер үчүн пайдалуу болот.
Борборубузга жумуш күндөрү 8.30-12.00, 13.00-17.30га чейин телефон аркылуу же түз эле борборго келип күн мурунтан жазылсаңар болот.

Дарек: Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору. Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, 720038, Кыргызстан, Бишкек шаары, Жал кичи району. Студенттер үйү,  А блок, 1 кабат, 103- бөлмө. Сурап билүү тел.: 49 27 59 ( Ички номерибиз: 863, 692) E-mail: ogem@manas.edu.kg

Борбор мүдүрү: Назира Кубанычбек

Байланыш :
Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, 720038, Кыргызстан, Бишкек шаары, Жал кичи району
Телефону: +996 312 49 27 59 (695)