Бильярд оюну боюнча мелдеш өттү
Үстүбүздөгү жылдын 14-16-декабрь күндөрү Студенттик Кеңештин “Спорт” комитети тарабынан бильярд оюну боюнча мелдеш уюштурулду.

Иш-чара студенттердин арасындагы ынтымакты бекемдөө жана дени сак жашоого, спорт менен дос болууга үндөө болгон.

Эки күнгө созулган таймашта 20 га чукул студент күч сынашты. Кызуу таймаштын жыйынтыгында 1-орунду Космос Сыргаков жеңип алса, аз гана упай жеңишти колдон чыгарган Медер Аширов 2-орунга ээ болду. Ал эми 3-орунду Мырзаев Руслан ээледи. Жеңүүчүлөр медальдар жана белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек, бильярд оюну боюнча таймаш жыл сайын өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай

