Бильярд оюну боюнча мелдеш өттү


Үстүбүздөгү жылдын 14-16-декабрь күндөрү Студенттик Кеңештин “Спорт” комитети тарабынан  бильярд оюну  боюнча мелдеш уюштурулду.

Иш-чара студенттердин арасындагы ынтымакты бекемдөө жана дени сак жашоого, спорт менен дос болууга үндөө болгон. 

Эки күнгө созулган таймашта 20 га чукул студент күч сынашты. Кызуу таймаштын  жыйынтыгында 1-орунду Космос Сыргаков жеңип алса, аз гана упай жеңишти колдон чыгарган Медер Аширов 2-орунга ээ болду. Ал эми  3-орунду Мырзаев Руслан ээледи. Жеңүүчүлөр медальдар жана белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек, бильярд оюну боюнча таймаш жыл сайын өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай