«Келгиле, түркчѳ сүйлѳйбүз!»


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Студенттик кеңешинин «Келгиле, түркчѳ сүйлѳйбүз!» аттуу программасы ийгиликтүү улантылып жатат.

Программанын алкагында жогорку курстарда окуган студенттер, түркчѳ даярдоо курсунун студенттери менен ар кыл темаларда сүйлѳшүп, аларга жардам берүүдѳ.

Ар жуманын ишемби-жекшемби күндѳрү 200гѳ жакын студенттин катышуусу менен ѳткѳрүлүп жаткан бул баарлашуу программасына 13-февраль күнү окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы жана проректор, профессор Али Бахадыр да катышты. Аталган баарлашуу программасында тарых, маданият, мода, түрк дүйнѳсү сыяктуу темаларда сүйлѳшүшүп, бул программаны уюштуруучуларына жана студенттерге ыраазычылыгын билдиришти.

Бааралашуу кечеси чогуу сүрѳткѳ түшүү менен аяктады.

 

{galler}{/galler}