Бабур Төльбаев ийгилик сырлары менен бөлүштү


Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү Студенттик Кеңештин “Билим” комитети тарабынан “Ийгиликтин сырлары” аталышындагы семинар уюштурулду. Семинардын коногу “Мөл Булак” компаниясынын башкы директору Бабур Төльбаев болду.


Иш-чара “Ыйман” фонду тарабынан даярдалган тарбиялык мааниси чоң “Кат” видео тасмасы менен башталды. Семинарда Бабур Төльбаев өзүнүн басып өткөн жолун баяндап, ийгилик сапарындагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ал өз сөзүндө “Ийгилик жаратууда этика жана башкаруучулук сапат чоң мааниге ээ. Бул сапаттарды өздөштүрө алсак максатыбызга жетүү мүмкүнчүлүгүбүз жогору болот”,- деп билдирди. Ошондой эле жашоодо болгон бардык нерселердин жакшылык менен аякташына ишеним артуу керек деп кошумчалады. Семинардын аягында студенттердин суроолоруна жооп берип, мыкты суроо бергендерге белектерин тапшырды.


Мындан тышкары Бабур Төльбаевге “Билим комитети” тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай