“Биз бир үй-бүлөбүз” концерти өттү


“Эл аралык студенттер” координаторлугу тарабынан уюштурулган “Биз бир үй-бүлөбүз” аттуу концерт уюштурулду. Иш-чарага окуу жайдын ректору, проректорлору,Өзбекстан жана Афганистан Республикаларынын толук ыйгарым укуктуу элчилери Рашидов Комил Каюмович, Мохаммад Исса Месбах.  Тажикстан жана Кыргызстандын  элчиликтеринин кеңешчи консулдары,  Монголиянын башкы консулу, Казакстан менен Түркменистандын элчилигинин катчылары  жана студенттер катышты.

Иш-чара окуу жайда 11 өлкөдөн келип билим алып жаткан ар улуттагы студенттердин ортосундагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө жана достукту чыңдоо максатында уюштурулган.  

Концерттин жүрүшүндө ар улуттагы студенттер өзүнүн маданиятына таандык өнөрлөрүн тартуулашты.

“Достуктун куттуу ордосу болгон университетибиз улуттардын биримдигин чыңдоого чоң салымын кошууда. Силер күбө болгон бул студенттер улуттардын жаш жүздөрү. Биз үй-бүлөбүз менен татыктуу билим үчүн, мыкты келечек үчүн күрөшөбүз”,-деди университеттин ректору проф., док Себахаттин Балжы. Ал эми проректор проф., док Анварбек Мокеев элчилерге ыраазычылыгын билдирип, студенттердин окууларына ийгилик каалады.

Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов ректорго белегин тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чара өлкө өкүлдөрүнө күбөлүктөрүн тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Даярдаган: Адинай Курманова