“Тамашака” лигасынын ачылыш фестивалы өткөрүлдү


    28-декабрь күнү “Тамашака” лигасынын 4-сезонунун ачылыш фестивалы өткөрүлдү. Оюнга тамашоучулар жана Студенттик Кеңештин төраймы калыстык кылып, жеңүүчүлөрдү аныктады.

    Оюн университеттер арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын талантын ачуу менен элге күлкү тартуулоо максатында уюштурулуп келе жатат.

    “Тамашака” лигасынын  ачылыш фестивалында борбор калаабыздагы беш университеттен  “Мага жагат”, “Аюкей”, “Nas VEGAS”, “Базар жок”, “Жаңы муундар”, “ЮР КОЛЛ”, “Number 1” жана “Ой-Бай” командалары  болуп  жалпы 8 команда күч сынашты. Катышуучулар  саламдашуу жана фристайл конкурстары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. Күлкү  тартуулаган кызуу таймаштын жыйынтыгында “Эң мыкты оюнчу” наамына “Мага жагат” командасынын  оюнчусу Улук Орозбеков  жана “Ой-Бай” командасынын мүчөсү Медер ээ болду. Ал эми  “Эң мыкты команда” наамын “Аюкей командасы” жеңип алса,  “Ой-Бай” командасынын тамашасы “Эң мыкты тамаша” наамына ээ болду.   

    Белгилей кетсек “Тамашака” клубу көркөм өнөр факультетинин студенти Эржан Акыналиевдин жетекчилиги менен он студент иш алып барууда.

Даярдаган: Адинай Курманова