“Билимкананын” окуучулары “Манас” университетин тандайт


    Үстүбүздөгү жылдын 10-февраль  күнү  “Билимкана” билим берүү мекемесинин 9-11-классынын окуучулары “Манас” университетине саякат жасап, таанышып кайтышты. Таанытуу иш-чарасына жалпы 50 гө жакын  активдүү окуучу катышты.     

    Окуучулар  алгач жыйындар залында университеттин таанытым фильмине, студенттик медиа порталдарынын видео тасмаларына күбө болушту. Таанытым фильминен соң окуу жай тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Окуучулардын көпчүлүгү университетке сынак тапшыруу, жатаканадагы шарттар, тил үйрөнүү жаатындагы суроолорго кызыгышты.

    Экскурсиянын соңу кампус тур менен уланып, коммуникация факультетине, дене-тарбия жана спорт жогорку мектебине, китепканага, жатаканага саякат жасашты. Окуучулар телестудия, “Манас” радиосу, “Манас” гезити жана бий студиялары менен таанышып кайтышты.

    Таанытуу иш-чаралары окуучулардын келечектеги кесибин тандоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

    Белгилей кетсек, таанытуу иш-чаралары студенттерибизден түзүлгөн таанытуу командасы тарабынан өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова