Баткендик окуучулар “Манас” университети менен таанышып кайтты


27-февраль күнү Баткен облусунун “Дараз”  жана“Төрткүл” айыл өкмөттөрүнүн мектептеринен келген 11-классынын окуучулары университетибиз менен таанышып кайтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар окуу жайдын таанытым тасмасына күбө болуп, факультеттер тууралуу  жана окуу жайга тест тапшыруу боюнча кеңири маалымат алышты. Ошондой эле кампус турда факультеттердин имараттары жана тв,радио студиялары, жатакана жана ашканага саякат жасашты.

Окуучуларды жетектеп келген “Инсан таануу коомдук бирикмесинин”
төрагасы Шерматов Элдос “Мектеп бүтүрүүчүлөрүн өлкөбүздүн эң алдыңкы жогорку окуу жайлары менен тааныштырууну эки жылдан бери жүргүзүп келебиз. Бул алардын туура кесипти жана мыкты университетти  тандоосуна чоң жардамын берет”,-деп билдирди.

Белгилей кетсек, таанытуу иш-чаралары  Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр филиалы тарабынан өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова