Ректор коммуникация факультети менен маектешүү кечесин өткөрдү


15-февраль күнү университеттин  ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректорлору проф., док. Анварбек Мокеев менен проф., док Хусейин Өгүт коммуникация факультетинин студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү.  Маектешүүгө коммуникация факультетинин окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.

Маектешүү кече окуу жайдын таанытуу тасмасы менен башталды. Ректор маегинде  коммуникация  факультетинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө  “Калкка туура маалымат жеткирүүдө силердин жоопкерчилигиңер өтө жогору. Элге берген кабарыңар жалган маалымат болбоого тийиш”,-деп баса белгиледи. Ошондой эле байланыш каражаттарын жана жаңы технологияларды туура колдонууга чакырды. Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев студенттерди өзүлөрүнүн тармагында лидер болууга кеңеш берип, республикалык жана эл аралык кароо-сынактарга катышууну сунуштады.

Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин теология факультетинин студенттери менен маектешүү кечеси өткөрүлгөн.

Маектешүү кечесинде студенттер тарабынан берилген айрым суроолордун тизмеги:

1. Студент: Эмне үчүн китеп окуу залдарында интернет алынды?

Ректор:  Китеп окуу залдарындагы интернеттин алынышынын башкы себеби, студенттердин сабактан тышкаркы пайдасыз нерселерге колдонушу болду. Биз мындай чектөөлөрдү зыяндуулугу жана пайдасыз болгону үчүн киргизип жатабыз.

2. Студент: Жаңы үлгүдөгү камераларды алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Ректор: Жыл сайын ар бир факультет  үчүн жаңы технологияларды алууга аракет кылып келебиз. Силердин сабакта колдонуп жаткан камераңар да эски эмес. Буюрса бул жылы да жаңы техникаларды алууну көздөп жатабыз.

3. Студент: Бүтүрүүчүлөргө дипломдук иш үчүн кыска метраждуу фильм тартууда каражаттан көйгөй болуп жатат. Бул боюнча ректорат жардам көрсөтө алабы?

Ректор: Бардык бүтүрүүчүгө жардам көрсөтүү кыйын. Бирок тартыла турчу тасманын элге пайдасы боло турган болсо, долбоор ректорат тарабынан жактырылса эки, үч студентке каражат жагынан жардам көрсөтүлөт.

Даярдаган: Адинай Курманова