Тилмечтердин таймашында “Виктория” командасы жеңүүчү аталды


    16-февралда “Тилмечтер таймашы” клубу тарабынан “Атрибуттар” аталышындагы интеллектуалдык  оюн өткөрүлдү. Оюнда  гуманитардык факультетинин  синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери  күч сынашты.

    Таймаш синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринин арасында достукту чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган. Оюнда жалпы 7 команда күч сынашып, катышуучулар беш өлкөнүн (Кыргызстан, Түркия, Россия, Улуу Британия, АКШ) атрибуттарына  байланышкан суроолорго жооп беришти.

    Жыйынтыгында командалардын ичинен алдыга озуп чыгып, 1-орунду “Виктория” командасы ээлесе, аз гана упай менен артта калган “Тилмеч Team” командасы 2-орунга татыды. Ал эми “Кызыл алма” командасы 3-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөр ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.  

    Таймаш “Триумф” котормочулар тобу тарабынан которулган видео-ролик менен аяктады.

    Эске сала кетсек, клуб буга чейин “Котормо жана котормонун тарыхы, котормочулук кесиби”, “Манас эпосу жана котормо”,  “Экономика жана саясат”, “Кино искусствосу” жана “География” аталышындагы оюндарды өткөргөн.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы