Окуу менен дүйнө кыдырган “Манастыктар” (5-чыгарылыш)


“GLOBAL UGRAD” программасы аркылуу Американын Миссури штатында бир жыл билим алып келген Азиза Халбекова өзүнүн тажрыйбалары жана программага тапшыруудагы кеңештери менен бөлүшөт. Азиза океандын ары жагында кандай кызыктуу окуяларга күбө болду? жана эмне үчүн жазган эссесин досторуна окуткан жок жообун бирге окуйлу.


 

Жарыяны көргөндө эле сөзсүз өтөм деп максат койгом
Окуучу кезинен бери Америкада билим алууну кыялданган Азиза “FLEX” программасына тапшырат. Ал программанын экинчи турунан өтпөй калса дагы, кыялынан эч качан баш тарткан эмес. Тескерисинче бул ийгиликсиз жыйынтыгы шыктандырып, алдына койгон максатын орундатууга дем-күч берген. «Студент болгондо кайсы программа менен кетсем болот деп караштырып жатып, “GLOBAL UGRAD” программасын таап алып сүйүнгөм. Ошондо эле сөзсүз бул программага өтүшүм керек деген максат койгом. Программага тапшырып жатканда тааныштарым, айрым досторум англис тилин жакшы билишиң керек, өтпөй каласың деп айткандар да болгон”,- деп эскерет.


 

Өлкөмдү таанытуудан эч качан тажабайм
Америкада өзүмдү элимдин элчиси катары сездим, башкаларга дайыма жакшы мамиле кылууга, сабакта жана коомдук иштерде активдүү болууга аракет кылдым. Кыргызстан десем эч ким таанычу эмес, ошондуктан баарына өлкөм тууралуу айтып берип, сүрөттөрүн көрсөткөндөн тажачу эмесмин. Эң эсте калганы “Ноmе coming” деген парад болду. Ар бир улуттун студенти өзүнүн желегин көтөрүп чыкмай болдук. Өзүм ала барган желегим кичинекей болгондуктан, “Эл аралык борборго” барып желегибизди сурасам жок экен. Күтүүсүз жерден парад болчу күнү аталган борбордун жетекчиси Кыргызстандын желегин берди. Ал атайын буйрутма менен алдыртып койгон экен. Ошол учурдагы сүйүнгөнүмдү сөз менен айта албайм, көзүмө жаш алганым да эсимде. Катышуучулардын көпчүлүгү желегиң аябай кооз экен деп суктанышкан.


Америкалык эженин үйүндө Кыргызстандын желеги илинип турчу
Жергиликтүү студенттер менен чет өлкөлүк студенттерди тааныштырган иш-чарада Бишкекке келип кеткен бир эже менен таанышып калдым. Мамилебиз жакшы болуп, эже-сиңдидей эле болуп калдык. Алтургай кышкы бир айлык каникулда анын үйүндө жашадым. Үйү жалаң жыгачтан жасалган абдан жасалгалуу үй эле. Эң кызыгы ал үйдө биздин боз үйлөрүбүз, улуттук буюм-тайымдарыбыз бар болчу жана Кыргызстандын желеги илинип турчу. Мен ал жакка барганда өз үйүмө келгендей сезим калчу. Кийин ал Бишкекке келгенде ата-энем менен тааныштырып, Кыргызстандын кооз жерлерине саякат кылдырттым.
Кыргызстан тууралуу айта берип, бирге окуган досторумдун көпчүлүгү келүүгө кызыгып калышкан. Корей улутундагы курбум келгенде өзүм бара элек Сары-Челекке, Ошко алып барып келдим.

Американын 9 шаарына саякат кылдым
University of Central Missouri университетинде эң алгачкы кыргыз студенти болгонума аябай сыймыктандым. Америкада студенттер окууга аябай олуттуу мамиле кылышат, анткени билим алуу абдан кымбат. Ал эми окутуучулар сабагына дайыма даярданып келип, күн сайын кызыктуу өтүшөт.
Студенттер өзүнүн талантына жана кызыгуусуна жараша сабактарга киришет. Ошондуктан биздикиндей группалаш деген түшүнүк жокко эсе, бир, экиден достору менен гана жүрүшөт. Орто Азия өлкөлөрүнөн мени менен чогуу окуган студенттер жок болгондуктан, бардык жерде англис тилинде сүйлөп, практика кылууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Көпчүлүк төрт тилде сүйлөй алам десем, таң калып сүйлөп көрчү деп калышчу.
Окуу менен катар кыялымдагы Чикаго, Нью-Йорк, Вашингтон, Майами, Орландо, Остин, Хьюстон, Сент-Луис, Канзас сити, шаарларына саякат кылдым. Ошондой эле Япония, Корея, Пакистан, Мексика жана Венесуэла өлкөлөрүнөн келген студенттер менен чогуу жашап, алардын маданияты, каада-салты менен тааныштым. Бүгүнкү күнгө чейин алар менен байланышып турам.


Программа тууралуу
“GLOBAL UGRAD” программасына тапшыруу үчүн каттоо ноябрь, декабрь айларында жүргүзүлөт. 18 жаштан жогорку 1-2-курстун студенттери тапшыра алышат. Окуу мөөнөтү жарым семестр же бир жыл. Орточо баа (ortalama) 2.5 тен жогору болушу керек жана англис тилин билүүсү талап кылынат. Аталган программага жыл сайын 55 өлкөдөн 250 гө чукул студент кабыл алынат. Кабыл алган тарап студенттин “TOEFL” сынагынан тартып, учак билет, виза, жатакана жана тамак-ашына чейинки бардык чыгымын каржылайт. Программага студенттер үч тур менен кабыл алынат. Алгачкы турда worldlearning.com сайтында көрсөтүлгөн жалпы маалыматтарды толтуруп, талап кылынган ( 2 рекомендация берүүчү кат, транскрипт) документтерди жүктөө керек. Мындан тышкары атайын белгиленген тема боюнча эссе жазып жөнөтүүгө тийиш. 2-турда маектешүү орун алса, 3-турда “TOEFL” сынагын тапшырышат.


Эссени кантип жазуу керек?

Эссенин темалары жыл сайын өзгөрүп турат. Негизинен Америкага белгилүү адамдардын цитаталарынан, айткан сөздөрүнөн мисал берип анын маанисин чечмелөөнү же жашооңузда болгон кыйынчылыктардан кантип чыктыңыз деген теманын тегерегинде берилет. Мындай эсселер адамдын ой жүгүртүүсүн аныктоого багытталат. Эссе жазууда төмөнкүлөрдү эстен чыгарбоо керек:
Биринчиден, башка эсселерди окубай, бирөөнүн ойлорун көчүрбөй жазуу керек. Анткени адам башка бирөөнүн эссесин окугандан кийин анын идеясы калып калат. Ар бир адам өзгөчө экенин унутпашы керек.
Экинчиден, берилген суроого же ойго так жооп жазылышы керек. Көп жазса жакшы болот деген ой жаңылыштык.
Үчүнчүдөн, эссе жазууда чынчыл болуу маанилүү. Жашооңуздагы кыйынчылыктардан же ар түрдүү оор кырдаалдардан кантип чыктыңыз, ачык эле жазыңыз. Бул аркылуу сиз жөндөмүңүздү көрсөтө аласыз. Курулай кооздоо же жалган нерселерди жазуу пайда алып келбейт. Анан сөзсүз кириш, ойдун өнүгүшү жана корутунду болуш керек.
Мен эссени өзүм англис тилин кандай билсем ошол боюнча жаздым. Интернеттен карап айрым сөздөрдү оңдоп, башка синонимдери менен алмаштырдым. Бүтүргөндөн кийин англис тилин жакшы билген досума грамматикалык катасын текшерттим. Идеялык жактан өзгөртпөөсүн сурандым. Ой, идея өзүбүздүкү болушу керек. Менден да программага тапшырып жаткан досторум эссеңди берип турчу окуп алайын дешкен. Мен аларга “Сен өзүңдүн оюңду жазышың керек деп кеңеш бергем”. Англис тилин жакшы билгендерге грамматикалык жана структуралык жактан текшертиш керек деп ойлойм. Бирок эссе жазып берчи деп башкаларга жаздырбоону сунуштайм.


Рекомендация берүүчү катты кимге жаздыруу керек?
Рекомендация берүүчү катты сизди абдан жакшы билген адамга жаздырыңыз. Көпчүлүк окутуучулар өзүң жазып кел, кол коюп берем дешет. Мындай учурда ал мугалимге жаздырбай эле койгонуңуз туура болот. Мен радиопрограмма даярдоо боюнча эки ай чогуу иштеген агайыма жаздырдым. Ал программаны жасаган процесстен баяндап, мындай сапаттарын көрө алдым деп конкреттүү кылып жазыптыр. Экинчисин мектептен бери ыктыярчылык кылып келе жаткан уюмдун жетекчисинен алгам. Рекомендация берүүчү катта даяр шаблондордун же фразалардын жазылышы оң пайда алып келбейт.

Даярдаган: Адинай Курманова