III всемирные игры кочевников


Ошентип III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи болуп өтүп, масштабдуу иш-чара кызуу жүрүүдө. Мааракеге абдан көп кишилер салым кошууда. Алардын ичинде ачылыш аземине катышкан бийчи кыздар жана уландар, ошондой эле түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон досторубуз да бар.

Белгилей кетсек, дал ушул III ДКО-да биздин сүйүктүү "Манас" университетинин студенттери да катышышты. Аба-ырайынын ысык-суугуна карабай, бөлүнүп чачылбай, бир чоң үй-бүлө сыяктуу өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн, окуу жайыбыз үчүн бек туруп, ачылыш аземин жогорку деңгээлде өткөрүп алдык!

Бул биз үчүн чоң бакыт, чоң кубаныч, чоң жеңиш! Учурдан пайдаланып III ДКОнун уюштуруучуларына, салым кошкон бардык КТМУнун кызматкерлерине жана катышкан 67 студентибизге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден- соолук, узун- өмүр, окууларына жана иштерине албан ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалап кетмекчибиз!

Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бакубатчылык, ынтымак, аманчылык жана токчулук өкүм сүрсүн! Өркүндөп өсө бер Кыргызстан!