УЛУТТАР БИРИМДИГИ УЛУУ БАЙЛЫК


Бир канча улуттун өкүлдөрү окуган университетибизде, 19-октябрь күнү А блок студенттер үйүндөгү окуу залында, 2019-2020-окуу жылынын Эл аралык студенттер координаторлугуна Өзбекстан, Афганстан,Түркмөнстан, Тажикстан жана Туркиялык студенттердин өкүлдөрүн шайлоо болуп өттү.

Шайлоого жогорудагы өлкөлөрдөн келген студенттер катышып, добуш беришти. Жыйынтыгында
Өзбекстандан Гүлүмкан Алдашова,
Афганстандан Эниятуллах Саед Хаили,
Түркменстандан Мамет Мамедов,
Тажикстандан Хайотулло Азимов,
Туркиядан Огузжан Сайым Өлкө өкүлдорү болуп тандалышты.

Баардыгын куттуктайбыз жана иштерине ийгилик каалайбыз!
Эскерте кетсек Эл аралык студенттер координаторлугу 2015 жылы Ректораттын демилгеси менен курулган, Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын алдында иш алып барат.

Даярдаган: Саадат Казакбаева