САПАТТУУ ЖАЗЫЛГАН РЕЗЮМЕ ЧОҢ МААНИГЕ ЭЭ


Резюме даярдоодо эске ала турчу жагдайларга байланышкан мастер-класс 26-ноябрь күнү университетибиздин Экономика жана башкаруу факультетинде уюштурулду.

Аны Headhunter.kz жумуш издөө жана персонал табуу PR рекрутивдик компаниясынын маркетологу Гулнур Махамбек өтүп берди.


Мастер-класстын жүрүшүндө Гулнур Махамбек, сапаттуу жазылган резюменин чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп кетти. “Резюме толтурууда көпчүлүк болбогон эле каталарды кетире беришет. Бул биринчи ошол жумуш издеп жаткан адамга терс таасирин тийгизет. Анткени резюме анын жүзү болуп эсептелет, андыктан бир нече ирээт текшерип анан жиберүү зарыл»,-деди Гулнур Махамбек.
Мындан сырткары резюмедеги маалыматтардын так, түшүнүктүү, актуалдуу жана ынандыруучу болушу, ага тиркелген сүрөттүн туура тандалышы дагы өзгөчө мааниге ээ экендигин кошумчалады.
Ошондой эле резюме толтуруудагы ар бир эрежеге токтолуп, мисалдарды келтирүү менен түшүндүрүп дагы берди. 

Мастер-класс резюме жазууда кайсы пунктарга маани берүү жана кандай одоно каталарды кетирүүгө болбостугуна байланыштуу болду.


Даярдаган: Саадат Казакбаева