Айтматов жумалыгы жыйынтыкталды


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 91 жылдыгына карата "Айтматов жумалыгы" өткөрүлүп, анын акыркы иш-чараларынан бири болуп, «Айтматов ааламы» аталышындагы интеллектуалдык оюн болүп өттү. Оюн 13-декабрда Социалдык курулуштар имаратында болду. Иш-чара «Ойлон шоу» интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулуп, Бишкек жана Ош шаарындагы университеттерден келген 26 команда катышышты.

Оюндун суроолору Айтматовго байланышып, ар тараптуу болуп түзүлгөн. Алгач оюнга катышкан 26 тайпанын ичинен, 16 команда тандоо турунан тандалып алынды. Таймаштын жыйынтыгында КТМУнун «Кеменгер» тайпасы жеңишке жетти. Ал эми 2-орунду «Жаннат»,  3-орунду «Керемет» командалары камсыз кылды. 

Жеңүүчүлөргө диплом, китеп жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен дагы коштолду.

Бул иш-чара менен катар эле «Жаңырык» поезия клубу дагы өзүнүн дил баян, поэзия жарыштары конкурсунун жыйынтыгын жарыялады. Анын жыйынтыгында ыр жазуу багыты боюнча төмөндө аты аталгандар жеңишке жетишти:

1-орун Сабырбекова Жаннат

2-орун Асанбекова Алина 

3-орун Жазгүл Равшанбек кызы

Дилбаян жазуу боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун Кушбакова Асел

2-орун Камчыбек кызы Миргүл

3-орун Өмүрбекова Гүлнур

Эскерте кетсек, «Айтматов жумалыгы» Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулуп,12-декабрда «Ата-Бейит»мемориалдык комплексине, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсиялар уюштурулган эле.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы