КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ


3-март күнү көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигит оюну, түрдүү улуттардын студенттеринин катышуусунда болуп өттү. Кыз-жигит айтышы Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында ректор, проректорлор, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болду.


Салттуу оюнда алгач манас айтылып, ректор проф.,док Себахаттин Балжы сөз сүйлөдү. «Сармерден оюну жөн эле көңүл ачуучу оюн эмес, ал абалкы салтты азыркы күндө улап келе жаткан бирден бир салттуу оюн», - деп билдирди.


Кыз-жигиттердин оюну эзелки салтты жандандырып, жалындаган таланттар ыр-күүлөрдү аткарып, чимириле бий бийлеп, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, жаңылмач айтып, табышмактын жандырмагын чечип көрүүчүлөрдүн жарпын жазышты.
Кыз-жигиттердин оюну калыстардын чечими менен «жаштык жеңди» аталып, эки тараптын тең чыгуусу менен аяктады.

 

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы