Жаңы ректор өз ишин баштады


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору кызматына дайындалган профессор, доктор Алпаслан Жейлан үстүбүздөгү жылдын 18-августунан баштап кызматына киришти.

 

КТМУнун эмгек жамааты жаңы ректорду жылуу кабыл алып, каалоо-тилектерин айтышты. Ал эми окуу жайдын проректору, профессор Анварбек Мокеев салтанаттуу түрдѳ ректор Алпаслан Жейланга университеттин төш белгисин тагып, чапан кийгизди.

Университеттин ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө жылуу кабыл алган жамаатка ыраазычылык билдирип, жаңы ийгиликтерге жетүүнү каалады:

“Манас атанын атын татыктуу алып жүргөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жамааты менен бирге көрүшүп турганыма абдан кубанычтамын. “Манас” эпосу - кыргыздардын гана эмес, бүтүндөй түрк элдеринин сыймыгы болуп эсептелет. Манас атанын өз урпактарына калтырган насаатттары биз үчүн да ар дайым туура багыт берген жол көрсөткүч катары бааланат”, -деп айтып келип,

Түрк элдеринин мамлекеттик байрактарында бир бүтүндүк катары каралып, улуу идеялар камтылган символдорго токтолду: “Түркия, Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын, Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрүнүн желегиндеги ай, жылдыз, күн менен түн түшүрүлгөн белгилер биримдикти туюндурган символдор болуп эсептелет. Демек, Түркия менен Кыргызстан бири-бирин толуктап турган бир бүтүндүк. Ал эми биздин негизги милдетибиз - Түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөө жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достуктун Алтын көпүрөсү болгон “Манас” университетинин өнүгүшүнө салым кошуу”.

Эскерте кетсек, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин Башкы кеңешинин 2020-жылдын 10-августундагы жыйынында кабыл алынган чечимине ылайык, Түркиянын Ататүрк университетинин профессору Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору болуп дайындалган. 

 http://mediamanas.kg/lang-tr/3541-rektr-prof-dr-ceylan-greve-balad.html